Афинада 27 студент камакка алынды

Грециядагы Афина университетинин укук факультетинде Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн отурукташуу акциясын өткөргөн 27 студент кармалды.

2139596
Афинада  27 студент камакка алынды

Грециядагы Афина университетинин укук факультетинде Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн отурукташуу акциясын өткөргөн 27 студент кармалды.

Грециянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERTдин кабарына караганда Афина университетинин укук факультетине прокурордун коштоосунда келген полиция студенттердин Палестинага колдоо көрсөткөн отурукташуу акциясына кийлигишти.

Кагылышуудан кийин полиция  27 студентти камакка алды. 

Кечээ кечинде  Афина университетинин алдында уюштурулган акцияда студенттер Израилден Палестинага кол салууларын токтотууну талап кылып, тынчтыкка чакырышты.

Достук жана тынчтык ырларын ырдаган концерттер менен башталган нааразычылык акциясы түн бою улана турганы күтүлүп, Афина университетинин алдына чатырлар тигилген. 

 



Тектеш кабарлар