Путин коргоо министри Шойгуну кызматтан алды

Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Путин өз ыйгарым укуктарынын алкагында министрлерди дайындоо үчүн белгилеген ысымдарды парламентке сунуштады.

2138803
Путин коргоо министри Шойгуну кызматтан алды

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине мурдагы вице-премьер-министрлердин бири Андрей Белоусовду сунуштады.

Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Путин өз ыйгарым укуктарынын алкагында министрлерди дайындоо үчүн белгилеген ысымдарды парламентке сунуштады.

Путин учурда Тышкы иштер министрлигинде иштеп жаткан Сергей Лавровду, Коргоо министрлигине Андрей Белоусовду сунуштады.

Путин кол койгон жарлык менен Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кызматтан алып, анын ордуна Сергей Шойгуну дайындады.

Путин тарабынан 2012-жылы Орусиянын коргоо министри болуп дайындалган Шойгу 2015-жылы террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү негизинде орус армиясынын Сирияга кийлигишүүсүн камсыздап, Сириядагы бардык операцияларды башкарган.

2022-жылдын 24-февралында Орусия-Украина согушунун башталышы менен Орусиянын куралдуу күчтөрүн жаңжалда жеке жетектеген Шойгу, фронттогу кырдаал тууралуу орус бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыккан жана кийин ал өзү отурган учак кулап каза болгон «Вагнер» жалданма тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин тарабынан катуу сынга алынган.

Федерация Кеңеши 14-майда Путин сунуштаган министрлик жана коопсуздук бөлүмүнүн жетекчилигине талапкерлерин баалайт.

Орусиянын президенти Путин жаңы өкмөттүн курамында тышкы иштер министрин, коргоо министрин, юстиция министрин, өзгөчө кырдаалдар министрин жана ички иштер министрин Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңеши менен кеңешип, Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думанын макулдугусуз түздөн-түз дайындайт.

 



Тектеш кабарлар