Еревандагы демонстрацияларда 151 адам кармалды

Армениянын Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун өкүлү кармалгандар Административдик кылмыштар боюнча кодекстин 182-беренесинин полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн полиция бөлүмдөрүнө жеткирилгенин билдирди.

2139027
Еревандагы демонстрацияларда 151 адам кармалды

Армениянын борбор шаары Еревандагы Азербайжан менен чек араны аныктоочу протоколдун даярдалышына каршылык көрсөтүү иретинде уюштурулган нааразылык акцияларында 151 киши кармалды.

Армениянын Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун өкүлү кармалгандар Административдик кылмыштар боюнча кодекстин 182-беренесинин полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн полиция бөлүмдөрүнө жеткирилгенин билдирди. Керектүү процедуралардан кийин бул адамдарды бошотуу пландалууда.

Буга чейин Ереванда өткөн митингде Армян Апостолдук чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын лидери, архиепископ Баграт Галстанян премьер-министр Никол Пашинянга ультиматум коюп, бир сааттын ичинде кызматтан кетүүсүн талап кылган.

«Пашиняндын бийлиги мындан ары жараксыз»,-деп айткан Галстанян, өкмөттү өлкөнү башкарууда «толук ийгиликсиздик» көрсөтүүдө, «коопсуздук системасын кыйратууда» жана «улуттук иденттүүлүктүн негиздерине» кол салууда деп айыптоодо.

Ультиматумдун мөөнөтү аяктагандан кийин Галстанян премьер-министрдин кызматтан кетишин камсыз кылуу үчүн мындан аркы чараларды көрүшөрүн билдирди.

Бийликтеги «Жарандык келишим» партиясы архиепископтун ультиматумдарына жооп иретинде билдирүү жасап, Пашинян өлкөнүн шайланган премьер-министри экенин эске салды. Билдирүүдө, «Жашасын демократиялык жана суверендуу Армения Республикасы»,-деп айтылды.

Азербайжан-Армения чек арасын аныктоо жараяны 22-апрелде башталган. Бул жагдайда Армения Азербайжанга 1990-жылдарга чейин Азербайжан Советтик Республикасына караштуу болгон Казак районундагы төрт айылды берди.

Макулдашылган чек ара сызыгы боюнча протоколго 15-майга чейин кол коюу пландалууда.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен түзүлгөн келишимге ылайык чек аранын белгиленген тилкелерине аскерлер жайгаштырыла турганын билдирди.



Тектеш кабарлар