Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы

Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.

2138999
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы

Бельгиядагы Эркин университетинин студенттери Израиль менен бардык академиялык мамилелерди үзүүнү талап кылып нааразылык акциясына чыгышты.

«VUB» деген ат менен фламанд тилинде билим берген Брюсселдеги Эркин университетинин студенттери өз кампусунда кафетерия жайгашкан имаратка чогула башташты.

Студенттер имаратка чатырлары, жууркан-төшөктөрү, килемдери, уктоочу баштыктары жана тамак-аштары менен жайгашып, талаптары аткарылмайынча имараттан чыкпай тургандыктарын билдиришти.

Студенттер университеттин жетекчилигинен Израилдеги академиялык мекемелер менен бардык байланыштарды үзүүнү суранышты.

Бельгиядагы университет студенттери АКШда башталып Европага жайылган демонстрацияларга 6-майда колдоо көрсөтө башташты. Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.

Брюсселдеги Эркин университетинин француз тилинде билим берген кампусунда 7-майда башталган акциянын натыйжасында университет жетекчилиги Израилдин эки мекемеси катышкан жасалма интеллект боюнча илимий долбоордон чыгуу чечимин чыгарганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар