Армениянын тышкы иштер министри ЕККУнун кезектешкен төрагасы менен жолукту

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин кабарына караганда Мирзоян коногуна өткөн жумада Казакстандын Алматы шаарында Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен болгон жолугушуусунун оң маанайда өткөнүн айтты.

2138926
Армениянын тышкы иштер министри ЕККУнун кезектешкен төрагасы менен жолукту

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян иш сапары менен борбор шаар Ереванга барган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) кезектешкен төрагасы, Мальтанын тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Ян Борг менен жолугушту.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин кабарына караганда Мирзоян коногуна өткөн жумада Казакстандын Алматы шаарында Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен болгон жолугушуусунун оң маанайда өткөнүн айтты.

Мирзоян эки өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн өз ара таанууну жана 1991-жылдагы Алматы декларациясынын негизинде чек араны аныктоо боюнча изилдөөлөрдү улантуу керектигин белгиледи.

Министр Мирзоян сөз болуп жаткан декларациянын принциптеринин Азербайжан менен сүйлөшүлгөн тынчтык келишимине киргизилиши көптөн бери уланып келе жаткан аймактык кагылышууну токтотууга жана Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты орнотууга мүмкүндүк берет деп ишенээрин билдирди.

Тынчтыктын маанилүү компоненти аймактагы транспорттук каттамдардын кайра ачылышы экенин баса белгилеген Арарат Мирзоян: «Биз биринчи этапта Азербайжан менен темир жол байланышын калыбына келтирүүгө өзгөчө кызыкдарбыз. Албетте, бардык инфраструктуралар алар өткөн өлкөлөрдүн эгемендүүлүгү астында болот, ошол өлкөлөрдүн юрисдикциясына ылайык иштейт жана  жоболор да өз ара жана тең укуктуулук принциптерине ылайык болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар