Зеленский: «Орусиянын Су-25 учагы атып түшүрүлдү»

Зеленский өз билдирүүсүндө:«Донецк областы, 110-механикалаштырылган бригада. Россиянын дагы бир Су-25 учагын атып түшүргөнүңүз үчүн рахмат»,-деди.

2138522
Зеленский: «Орусиянын Су-25 учагы атып түшүрүлдү»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда украин аскерлери Орусиянын Су-25 үлгүсүндөгү согуштук учагын атып түшүргөнүн билдирди.

Зеленский өз билдирүүсүндө:«Донецк областы, 110-механикалаштырылган бригада. Россиянын дагы бир Су-25 учагын атып түшүргөнүңүз үчүн рахмат»,-деди.

Украинанын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө,«110-механикалаштырылган бригаданын украиналык согушкерлери Авдиевка багытында Орусиянын Су-25 учагын атып түшүрүштү»,-деп берилди.


Этикеткалар: #Су-25 , #Зеленский

Тектеш кабарлар