Боррелдин Израилге каршы чыгуусу

Боррель өзүнүн X платформасындагы эсебинде Израилдин кургактыктан чабуул жасаган Газанын Рефах аймагы тууралуу билдирүү бөлүштү.

2138455
Боррелдин Израилге каршы чыгуусу

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Рефахтагы кооптуу аймактарга жарандарды көчүүгө мажбурлоонун «кабыл алынгыс» экенин билдирди.

Боррель өзүнүн X платформасындагы эсебинде Израилдин кургактыктан чабуул жасаган Газанын Рефах аймагы тууралуу билдирүү бөлүштү.

Израилдин эл аралык мыйзамдарга ылайык жарандардын коопсуздугун камсыздоого милдеттүү экенин белгилеген Боррель: «Жарандарды Рефахтын кооптуу аймактарына барууга мажбурлоо кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Боррель Израилди «Рефахка кургактан чабуул жасабоого» чакырганын кайталап: «Бул ансыз да оор гуманитардык кризисти дагы да начарлатат»,-деп өз баасын берди.

Израиль армиясы 7-май күнү эртең менен Рефах аймагына кургактыктан чабуул жасап, Газанын Египетке ачылган Рефах чек ара капкасынын Палестина тарабын басып алганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар