Россияда жүргүнчү автобусу дарыяга кулады
Кырсыкта 7 адам каза болду.
Россиянын Санкт - Петербург шаарында жүргүнчү ташыган автобус дарыяга кулап, 7 адам каза болду.
Орус маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, шаардын борборунда бара жаткан автобус Мойка дарыясына кулаган.
Россиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө кырсыктан 7 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да кырсык болгон жерге жөнөтүлгөн издөө-куткаруу топторунун иштерин аяктап, автобустун дарыядан чыгарылганын жарыялады.
Россиянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, иликтөө иштери жүргүзүлгөн кырсыктын себептеринин иликтенип, автобустун айдоочусунун жол кыймылын жана унаа колдонуу эрежелерин бузган деген шек менен кармалганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Акш, Израиль жана Египет «Рафах» маселесин талкуулашты
Египеттин ММКлары эгер Израиль Рафахтан чегинбесе, Египет чек арасын ачпай турганын билдирди.
Француз жана испан дыйкандарынын нааразылыгы
Жүздөгөн трактор менен чек арага келген дыйкандар өтмөктү тосушту.