Россия : "Украинада 6 отурукташуу жерин колго алдык"
Россиянын Коргоо министрлиги Харьков облусунда 5 жана Донецк облусунда 1 отурукташуу жерин орус армиясынын колго алгандыгын билдирди.
Россиянын Коргоо министрлиги Харьков облусунда 5 жана Донецк облусунда 1 отурукташуу жерин орус армиясынын колго алгандыгын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө Россия - Украина согушундагы орус аскердик күчтөрүнүн иш-аракеттери тууралуу маалымат берилди.
Орус армиясынын Украинадагы согушун улантып жаткандыгы белгиленген билдирүүдө : «Чабуулдардын натыйжасында Түндүк күчтөрү тобуна караштуу бөлүктөр Харьков облусундагы Борисовка (Борисивка), Огурцово (Огирцеве), Плетеневка (Плетенивка), Пылная (Пильне) жана Стрелеця (Стрилеча) отурукташуу жерин талкалап, Борбордук күчтөр тобуна караштуу бөлүктөр ийгиликтүү иш-аракеттерди ишке ашырышты, натыйжада Донецк Эл Республикасынын Керамик конушун сактап калды жана аймактагы позициясын бекемдеди",- деп айтылды.
Кагылышуулар учурунда 34 украиналык аскердин багынгандыгы билдрилген маалыматта Украина армиясына таандык 46 учкучсуз учуучу аппараттын атылгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө : «Аскердик операция башталгандан бери 594 учак, 270 тик учак, 23 миң 951 учкучсуз учак, 515 абадан коргонуу ракета системасы, 15 миң 981 танк жана бронетехника, 1286 көп стволдуу ракета аткычтар, 9 миң 494 гаубица жана миномёттор менен 21 миң 600 атайын аскердик техника жок кылынды",- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Газадагы абал
Израилдин Газа тилкесине 230 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.