Польша өз чек араларын бекемдөөдө
Министр Косиняк-Камыш ZET радиосуна берген билдирүүсүндө, Польша менен Беларустун ортосундагы тосмолорду оңдоп, бекемдегендерин маалымдады.
Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш, Беларусь жана Орусия менен чектеш чек араларына окоп жана баш калкалоочу жайларды кура тургандарын айтты.
Министр Косиняк-Камыш ZET радиосуна берген билдирүүсүндө, Польша менен Беларустун ортосундагы тосмолорду оңдоп, бекемдегендерин маалымдады.
«Польша Орусия жана Беларусь чек арасына окоп жана баш калкалоочу жайларды курабы» деген суроого Косиняк-Камыш: «Ооба, бардык план азыртан эле даярдалып жатат»,-деп жооп берди.
Польша мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн 2022-жылдын январь айында Беларусь чек арасына тосмо кура баштаган. Бийиктиги 5,5 метр болгон жана зым тор менен капталган темир тосмолор 407 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын 30-июнунда бүткөрүлгөн.
Польша 2022-жылдын аягында да Орусиянын Калининград облусу менен чек арасына тикенектүү зым тосмолорду кура баштаган.