"Хамастын туткундарды алмашуу үчүн ок атышпоо сунушуна Израиль каршы чыкты"

Аты аталбаган америкалык аткаминерлер CNN телеканалына Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы кыйыр туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат беришти.

2137988
"Хамастын туткундарды алмашуу үчүн ок атышпоо сунушуна Израиль каршы чыкты"

Хамастын Израиль менен туткун алмашуу келишими үчүн 12 жумалык ок ​​атышпоону талап кылганы, бирок Тель-Авив башкаруучулугунун буга каршы чыкканы белгиленди.

Аты аталбаган америкалык жетекчилер CNN телеканалына Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы кыйыр туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат беришти.

Сүйлөшүүлөрдөгү маанилүү тоскоолдуктардын биринин убактылуу ок атышпоонун узактыгы экени айтылды.

Хамастын 12 жумалык ок ​​атышпоону талап кылганы, бирок Израилдин Газага кол салуулардын «биротоло токтотулушунан айырмасы жок» деп кабыл албаганы кабарланды.

Тель-Авив башкаруучулугунун бир нече айга созула турган ок атышпоонун Израиль армиясынын Газага кол салууларын кайра баштоосун кыйындатат деп ойлогону белгиленди.

Израиль тараптын буга чейинки сүйлөшүүлөрдө 6 жумалык убактылуу ок атышпоону сунуш кылганы билдирилген.

Египет менен Катардын ортомчулугунда даярдалган жаңы ок атышпоо жана өз ара туткун алмашуу келишими сүйлөшүүлөрү 8-9-майда Египеттин борбор шаары Каирде өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар