Грузиянын Батышка каршы багыты АКШны тынчсыздандырууда

Грузия парламенти «Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” деп аталган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алууга даярданууда

2138013
Грузиянын Батышка каршы багыты АКШны тынчсыздандырууда

АКШнын тышкы иштер минисрлиги «Грузин кыялы» партиясынын «чет элдик агент» мыйзам долбоору жана батышка каршы сөздөрүнүн өлкөнү АКШ жана Европа  интеграциясына каршы «коркунучтуу бир орбитага» жайгаштыргандыгын билдирди.

Министрликтин өкүлү Мэтью Миллер : «Булардын Европа  - Атлантика жолун да коркунучка түрткөндүгүн ойлоп жатабыз жана бул ачык түрдө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштарыбызды да коркунучка салууда»,- деди.

Грузия парламенти «Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” деп аталган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алууга даярданууда.

Өткөн күндөрдө Европа Биримдигинин отуздан ашуун өкүлү Грузияга  2022 -  жылы берилген Европа Биримдигине мүчөлүккө талапкер сатусун токтотууну сунуштады.

Европа Комиссия бул үчүн бардык мүчө мамлекеттердин жалпы макулдугу болушу керектигин жана сунушту комиссия өзү бериши керектигин жарыялады. 2 - майда АКШнын Тбилисидеги элчилиги “чет элдик агенттер” мыйзам долбооруна каршы чыккандарды колдогон билдирүү жасады. Вашингтондун сынынан улам премьер-министр Ираклий Кобахидзе АКШга сапарын токтотту.

 



Тектеш кабарлар