БУУ Рафахтан кеткендердин саны тууралуу билдирди

Израиль 6 -  майда кол салууларын күчөткөн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафахтан кеткендердин саны  110 миңге жетти.

2137984
БУУ Рафахтан кеткендердин саны тууралуу билдирди

Израиль 6 -  майда кол салууларын күчөткөн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафахтан кеткендердин саны  110 миңге жетти. 

БУУнун Жакынкы чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам агенттигинен берилген билдирүүдө Израиль армиясынын аймакта кол салууларын күчөтүшү менен аргасыз жер которуулардын уланып жаткандыгы билдирилди. 

Билдирүүдө, "Палестиналык качкындарга жардам агенттиги болжол менен 110 миң кишинин коопсуздук үчүн Рафахтан качканын болжолдоп жатат. Бирок Газада эч бир жер коопсуз эмес жана жашоо шарттары абдан начар. Бир гана үмүт дароо ок атышпоо",- деп айтылды. 

Израиль армиясы 6-майдагы  билдирүүсүндө Рафахтын чыгышындагы күч менен жер которгон палестиналыктар баш калкалаган кээ бир райондордун эвакуацияланышын талап кылган.  7- май күнү да эртең менен Египет менен чек ара капкасынын Газа тарабын кургактыктан кол салуу менен басып алганын жарыялаган.

Израилдин болжол менен  2,3 миллион калктуу Газа тилкесинде 7 -  октябрдан бери улантып келе жаткан кол салулуарынан улам  1,9 миллион киши жер которду. Бул палестиналыктардын көпчүлүгү Израилдин буга чейин "коопсуз аймак"  экендигин айткан Рафах шаарына баш калкалады.

Газа тилкесинин түштүгүндө  Египет чек арасында жайгашкан Рафахтын Израиль кол салууларынан мурда  280 миң болгон калкы  дээрлик  1,5 миллионго чыкты. 

 



Тектеш кабарлар