Басс: "Түркиянын ролу маанилүү"

АКШнын борбор шаары Вашингтондо 39-Америка-Түркия конференциясы өттү.

2137716
Басс: "Түркиянын ролу маанилүү"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин кеңешчиси Жон Басс, Түркиянын Орусия-Украина согушунда ойногон оң ​​ролунун маанисине көңүл буруп, Анкаранын көптөгөн аймактык кризистердин чечилишинде маанилүү функцияларды аткарганын айтты.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо 39-Америка-Түркия конференциясы өттү.

Тышкы иштер министринин орун басары Бурак Акчапар сөз сүйлөөчү катары катышкан панелдик дискуссияда Түркия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштарга баа берди.

Бурак Акчапар эки НАТО шериктешинин өзгөчө структуралык жана стратегиялык темаларда ар дайым кеңешип, мүмкүн болгон тармактарда кызматташкандарын, бирок кээ бир маселелерде пикир келишпестиктердин бар экенин да маалымдады.  

«Биз НАТОдогу эң чоң эки куралдуу күчпүз» деген Акчапар, тараптардын карым-катнаштардагы негизги маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн ар дайым кеңешкенин жана карым-катнаштарды оң багытка жеткирүү үчүн дипломатиялык аракеттердин көрүлгөнүн баса белгиледи.

Ошол эле панелде сөз сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик департаментинин кеңешчиси Жон Басс болсо Түрк-Америка карым - катнаштарынын жаңы процесстин босогосунда жана оң багытта экенин айтты.

Басс Түркиянын Орусия-Украина согушунда ойногон оң ​​ролунун маанисине көңүл буруп, Анкаранын бир гана Украина маселесинде эмес, көптөгөн аймактык кризистердин чечилишинде да маанилүү функцияларды аткарганын билдирди.

Андан соң элчи Акчапар менен Жон Басс жолугушту.

Министрликтин X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө, жолугушууда Түркия-АКШ стратегиялык механизминин 7-жыйынында кабыл алынган жагдайлар, эки тараптуу карым-катнаштар, Газа жана Украинадагы абалдар, келерки айда боло турган НАТОнун Вашингтон саммити, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар