Арменияда Пашиняндын кызматтан кетиши талап кылынды

Баграт Галстанян тарабынан уюштурулган «Мекен үчүн Тавуш» жүрүшүнө катышкандар Республика аянтында митинг үчүн чогулушту.

2138023
Арменияда Пашиняндын  кызматтан кетиши талап кылынды

Армениянын борбор шаары Ереванда армян чиркөөсү тарабынан Азербайжан-Армения чек арасын тактоо иштеринин токтотулушун талап кылган митингде премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды.

Армениянын расмий маалымат агенттиги Арменпресстин кабарына караганда, Тавуш аймагынын диний өкүлү архиепископ Баграт Галстанян тарабынан уюштурулган «Мекен үчүн Тавуш» жүрүшүнө катышкандар Республика аянтында митинг үчүн чогулушту.

Галстанян бул жерде сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, ага бир саат убакыт берди. Пашиняндын администрациясы архиепископко жооп кайтарган жок.

Митингге катышкандар Азербайжан менен чек араны тактоо иштерин жүргүзүүдө  аймактык жеңилдикке барган деп айыптаган Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган ураандар менен жүрүштү.



Тектеш кабарлар