"1,7 миллион палестиналыкты ачарчылык күтүүдө"

Израиль армиясынын Газанын түштүгүндөгү Рафахка кургактыктан кол салуусу жана аймакка жардамдын өтүшүнө бөгөт коюшунан улам 1 миллион 700 миң палестиналыктын ачарчылыкка кабылганы белгиленди.

2138009
"1,7 миллион палестиналыкты ачарчылык күтүүдө"

Израиль армиясынын Газанын түштүгүндөгү Рафахка кургактыктан кол салуусу жана аймакка жардамдын өтүшүнө бөгөт коюшунан улам 1 миллион 700 миң палестиналыктын ачарчылыкка кабылганы белгиленди.

Газадагы өкмөттүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Рафахтын чыгышына карата кол салуулардан улам «катуу гуманитрадык апааттын» боло баштагандыгы тууралуу эскертип, мында Рафах  жана Керм Эбу Салим чек ара капкаларынын оккупацияланышы, медициналык жана азык  - түлүк жардамдарын ташыган фуралардын киришинин тоскоолдукка учурашы жана миңдеген бейтап менен жаралуулардын дарылануу үчүн Газа тышына чыгышына карата тоскоолдуктардын үлүшүнүн бар экендиги билдирилди.

Израилдин акыркы  2 күндө азык  - түлүк жана медициналык материал ташыган  400 фуранын киришине жана араларында рак бейтаптары да болгон  159 бейтап менен жаралуунун чыгышына уруксат бербегендиги маалымдалды.

Согуштан улам бардык Газа калкынын гуманитардык жардамдар менен жашап жаткандыгына көңүл бурулган билдирүүдө булардын киришинин тоскоолдукка учурашынын түштүктөгү шаарларда жашаган  1,7 миллион палестиналыкты таасирленте турган ачарчылыктын боло тургандыгы баса белгиленди.

Бул кишилердин күнүмдүк бир маал тамактануу үчүн тамак  - аш таба албагандыгы баса белгиленген билдирүүдө адамзаттык кризистен жана ал жарата турган апааттын жыйынтыктарынан Израиль, АКШ жана эл аралык коомчулуктун жооптуу экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар