Университеттердин Газа тилектештиги үчүн митингдери дүйнөнүн төрт тарабына жайылууда
Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө студенттер университет башкарууларынын борбору Израиль болгон байланыштарды токтотуусун талап кылып, полициянын кийлигишүүлөрүнө карабастан кампустарда митингдерди улантышууда.
Палестинаны колдоо үчүн Америка Кошмо Штаттарында башталган студенттердин нааразычылык акциялары бүткүл дүйнөгө тарап жатат.
Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө студенттер университет башкарууларынын борбору Израиль болгон байланыштарды токтотуусун талап кылып, полициянын кийлигишүүлөрүнө карабастан кампустарда митингдерди улантышууда.
Нидерландиядагы Амстердам университетинде полициянын катуу кийлигишүүсүнө карабастан Палестинага колдоо көркөтүүлөр улантылууда.
Митингге чыккандар оболу кампуста чогулуп, андан соң шаардын борборундагы университеттин имаратына чейин барышты. Полиция коопсуздук максатында университеттин имаратын курчоого алды.
Францияда да студенттердин Палестинага колдоо көрсөтүү акциясы уланууда.
Студенттер дагы бир жолу борбор шаар Париждеги Сорбонна университетинин алдында чогулуп, израилдик спортчулардын Париж Олимпиада оюндарынан четтетилишин талап кылышты.
Полиция демонстранттарга калемпир газы менен кийлигишип, студенттерди университеттин кире беришинен калкандар менен чыгарды.
Палестинаны колдогон митингдерге Британияда Лондон университеттик колледжинин жана Кембридж университетинин студенттери да катышты.
Студенттер Украинага кол салганда (2022-жылдын февраль) Россия менен байланышын үзгөн Кембридж университетинин Израилге да ушундай реакция көрсөтүүсүн каалашты.
Ирландиянын эң престиждүү университеттеринин бири болгон Дублин Тринити колледжинде 5 күндөн бери лагерь курган Палестинаны колдогон студенттер университет жетекчилигине талаптарын кабыл алырды.
Борбор шаар Дублиндеги университеттен берилген маалыматта оккупациядагы Палестина жерлеринде жана Бириккен Улуттар Уюмунун кара тизмесинде орун алган израилдик фирмаларга карата инвестициянын токтотула турганы белгиленди.
Швейцариядагы митингдер Лозанна университетине, андан соң Женева жана Цюрих университеттерине жайылды. Нааразылык акциясына академиктер да катышууда.
Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарындагы Витватерсранд университетинин студенттери Газа эли менен тилектештик үчүн лагерь курушту.
Тектеш кабарлар
Бразилиядагы селден каза болгондордун саны көбөйүүдө
Каза болгондордун саны 169, дайынсыз жоголгондордун саны 56 деп жаңыланганы белгиленди.