Түштүк Африкада имараттын урашынан каза болгондордун саны 8ге жетти

Окуяда каза болгондордун санынын 8ге жеткени жарыяланды.

2137459
Түштүк Африкада имараттын урашынан каза болгондордун саны 8ге жетти

Түштүк Африканын Жорж шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн урашынын натыйжасында каза болгон жумушчулардын саны 8ге жетти.

Жорж муниципалитетинин билдирүүсүндө, 75 жумушчу урандынын астында калган имараттын урандыларынан ушул убакка чейин 37 жумушчунун куткарылганы кабарланды.

Окуяда каза болгондордун санынын 8ге жеткени жарыяланды.

Билдирүүдө оор жаракат алган 22 жумушчунун 6сынын өмүрүнө коркунуч туудурган жаракаттары бар экени, 7 жумушчунун да жеңил жаракат алгандыгы айтылды.

Чыга албай калган 38 жумушчу менен болсо байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Урандыларда издөө-куткаруу иштери үзгүлтүксүз уланууда.

Жорж шаарынын борборунда курулуп жаткан көп кабаттуу имарат 6-майда кулап калган.  



Тектеш кабарлар