"Россия Британияга катуу жооп кайтарат"

Россия Британиянын орус дипломатиялык миссиясына байланыштуу чечимине катуу жана  жооп берерин билдирди.

2137501
"Россия Британияга катуу жооп кайтарат"

Россия Британиянын орус дипломатиялык миссиясына байланыштуу чечимине катуу жана  жооп берерин билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова,  Британиянын Россиянын коргоо атташесин депортациялоо жана Россия менен байланыштуу   кээ бир мүлктөрдүн дипломатиялык статусун жоюу чечимине байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Британиянын Россияны борбор шаар Лондондогу кампаларында өрттүн чыгуусу боюбнча айыптагандыгын, ушул негиз менен да Россияга каршы чара көргөндүгүн белгилеген Захарова мунун "кабыл алынгыс" экендигин баса белгиледи. 

Захарова : "Британия башкаруусунун бул аракеттери Британиянын Россияга каршы  көз карашын жана душмандыгын тастыктайт. Лондонду ар кандай достук эмес иш - аракеттерге жооп берилери тууралуу көптөгөн жолу эскерттик.  Каршы жооп кайтаруубуз катуу болот",- деди. 

Британиянын тышкы иштер, ички иштер жана коргоо министрликтеринин кечээ жасаган биргелешкен билдирүүсүндө : "Россиянын жаман ниеттүү чалгындоо иштери" негиз катары көрсөтүлүп бул өлкөнүн коргоо аташесинин депортациялана тургандыгы, Россия менен байланыштуу айрым мүлктөрдүн дипломатиялык статусунун жоюлары жана орус дипломатиялык визаларынын мөөнөтүнүн чектелери маалымдалган. 

 



Тектеш кабарлар