Путин менен Пашинян орус аскерлерин Армениядан чыгаруу боюнча макулдашты

Орусия президентинин сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков,«Туура, шарттар өзгөргөндөн бери Пашинян менен Путин бул маселени чечишти», - деди.

2137627
Путин менен Пашинян орус аскерлерин Армениядан чыгаруу боюнча макулдашты

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армениянын айрым аймактарынан орус аскерлерин жана чек арачыларын чыгаруу боюнча макулдашууга жетишти.

Орусия президентинин сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков,«Туура, шарттар өзгөргөндөн бери <...> Пашинян менен Путин бул маселени чечишти», - деди.

Песковдун айтымында, Армениянын айрым аймактарынан орус аскерлери чыгарылса дагы, армян тараптын өтүнүчү менен айрым аскерлер Иран менен Түркиянын чек арасында кала берет.

Марттын аягында Армения парламентинин спикери Ален Симонян Армениянын Зватноц аэропортунан Орусия Федерациясынын чек арачыларын чыгаруу маселеси аягына чыкканын билдирген.

Симоняндын айтымында, айрымдар бул процессти «мамлекеттер аралык келишимдин» бузулушу катары көрсөтүүгө аракет кылууда, бирок келишим институттар аралык деңгээлде болгон жана анын максаты Армениянын чек ара өкүлдөрүнө жардам көрсөтүү болгон. Симоняндын айтымында, Армениянын чек ара күчтөрүнүн мындан ары мындай муктаждыгы жок жана 1-августтан тарта орус чек арачылары аэропорттон чыгарылат.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян орус тарапка көрсөткөн кызматы жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, армян күчтөрү мындан ары кырдаалды өз алдынча жөнгө сала аларын билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы Песков да Ереван бул чечимди Москвага кат түрүндө жеткиргенин бышыктады.



Тектеш кабарлар