Путин: «ЕАЭБдин төлөмдөрүнүн 90 пайыздан ашыгы улуттук валютада жүргүзүлөт»

Владимир Путин кечээ өз өлкөсүнүн борбору Москвада өткөн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) саммитинде сөз сүйлөдү.

2137207
Путин: «ЕАЭБдин төлөмдөрүнүн 90 пайыздан ашыгы улуттук валютада жүргүзүлөт»

Орусиянын президенти Владимир Путин Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) төлөмдөрдүн 90 пайыздан ашыгы улуттук валютада жүргүзүлөрүн билдирди.

Владимир Путин кечээ өз өлкөсүнүн борбору Москвада өткөн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) саммитинде сөз сүйлөдү.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) өнүгүп келе жаткан көп полярдуу дүйнөнүн көз карандысыз жана өзүнө-өзү жетиштүү борборлорунун бири экенин белгилеген Путин: «ЕАЭБде үчүнчү өлкөлөр менен соода көлөмү 60 пайызга өсүп, 579 миллиард доллардан 923 миллиард долларга, өз ара сооданын көлөмү дээрлик эки эсеге өсүп, 45 миллиард доллардан 89 миллиард долларга жетти. Ал эми төлөмдөрдүн 90 пайыздан ашыгы учурда улуттук валюта менен жүргүзүлүүдө»,-деп айтты.

Владимир Путин ошондой эле (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жалпы ички дүң өнүмдөрү (ИДӨ) он жылда 1,6 триллион доллардан 2,5 триллион долларга чейин өскөнүн айтты.

Орус лидери: ««Евразия биримдиги бүгүнкү күндө ишмердүүлүгү сооданын жана инвестициянын өсүшүнө, ишкердик байланыштардын активдешине, кызматташтык байланыштарынын кеңейишине салым кошкон жана акырында биздин бирикменин ар бир мүчөсүнө реалдуу пайда алып келген эффективдүү жана динамикалуу интеграциялык түзүм», - деди.

Саммитке Владимир Путинден тышкары Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Евразия Экономикалык Биримдиктин лидерлеринин жолугушуусу биримдикти түзүү боюнча келишимге кол коюлганынын 10 жылдыгына карата өттү.



Тектеш кабарлар