Пакистанда 6 террорист жок кылынды

Коопсуздук күчтөрүнүн Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан жана Дера Исмаил Хан аймактарында операция жүргүзгөнү белгиленди.

2137333
Пакистанда 6 террорист жок кылынды

Пакистан армиясы түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жүргүзгөн эки операцияда 6 террористти жок кылды.

Пакистан армиясынын коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн (ISPR) билдирүүсүндө, коопсуздук күчтөрүнүн Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан жана Дера Исмаил Хан аймактарында операция жүргүзгөнү белгиленди.

Дера Исмаил Ханда жүргүзүлгөн операцияда 5 террористтин, Түндүк Вазиристанда жүргүзүлгөн операцияда 1 террористтин жок кылынганы кабарланды.

Операцияларда көп сандаган курал-жарак жана ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү баса белгиленип, Пакистан коопсуздук күчтөрүнүн террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экени айтылды.

Пакистанда, өзгөчө Хайбер-Пахтунхва жана Белужистан провинцияларында террордук кол салуулар көбөйүүдө.

Исламабад бийлиги, ага каршы күрөшүп жаткан пакистандык талиптердин (ТТП) Ооганстанда жайгашканын жана Ооганстандагы талиптердин убактылуу башкаруучулугунун бул уюмга каршы чара көрбөгөнүн маалымдады.

Ооганстан болсо Пакистандын дооматтарын четке кагып, өлкөдөгү коопсуздук көйгөйлөрүнө эч кандай тиешеси жок экенин жактоодо.



Тектеш кабарлар