Нигерде менингит эпидемиясына каршы шашылыш эмдөө кампанисы жүргүзүлөт

Борбор шаар Ниамейдин 5 районунда башталган кампания 1-9 жаштагы 900 миң баланы эмдөөнү максат кылууда.

2137662
Нигерде  менингит эпидемиясына каршы шашылыш эмдөө кампанисы жүргүзүлөт

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигерде быйыл 143 баланын өлүмүнө себеп болгон менингит эпидемиясына каршы шашылыш эмдөө кампанисы жүргүзүлөт. 

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда, Нигерде быйыл көбөйүп жаткан менингит учурлары менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк Саламаттыкты сСктоо Уюму жиберген Men5CV аттуу менингит вакцинасы менен шашылыш эмдөө кампаниясы башталды.

Борбор шаар Ниамейдин 5 районунда башталган кампания 1-9 жаштагы 900 миң баланы эмдөөнү максат кылууда.

Ниамейдеги саламаттыкты сактоо кызматкери Абду Маму Сиддо билдирүү жасап, жаңы вакцинанын колдонулуп жатканын жана бул вакцинанын өлкөдөгү менингиттин негизги себеби болгон беш бактерияга каршы коргоону камсыз кылуу артыкчылыгы бар экенин айтты.

Сиддо оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу коомчулуктун кампанияга терс реакция кылбаганын жана эмдөөнү колдогонун билдирди.

Быйыл Нигерде менингит менен 2 миңден ашуун адам жабыркап, эпидемиядан 143 бала каза болду.

5 жашка чейинки балдардын арасында кеңири тараган менингит кеч аныкталса, кан уулануусуна, мээге зыян келтирип, өлүмгө алып келет.

 

 

 



Тектеш кабарлар