Израиль Байденге каршылык көрсөттү

Байдендин Рефахка кеңири кол салуу болгон учурда АКШнын Израилге курал-жарак берүүнү токтото турганы жөнүндөгү сөздөрүнө жооп кайтарылды.

2137496
Израиль Байденге каршылык көрсөттү

Израилдин ашкере оңчул маданий мурастар министри Амичай Элияху, АКШнын президенти Жо Байдендин Израиль Рефахка масштабдуу кол салуу менен кирсе, ага курал жөнөтүүнү токтотом деген билдирүүсүн сындап, Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында Англиянын нацисттер менен түзгөн келишимине окшоштурду.

Амичай Элияху социалдык медиадагы билдирүүсүндө, Байдендин Рефахка кеңири кол салуу болгон учурда АКШнын Израилге курал-жарак берүүнү токтото турганы жөнүндөгү сөздөрүнө жооп кайтарды.

Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында 1938-жылы Англия менен нацисттик Германиянын ортосунда кол коюлган Мюнхен келишимин эске салган Элияху, Байденди нацисттер менен келишим түзгөн ошол кездеги Англиянын премьер-министри Невилл Чемберленге салыштырды.

Элияху: «Байден Уинстон Черчиллге окшош болушу мүмкүн, бирок ал Чемберлен болууну тандайт. Абийирсиздикти тандап жатат, натыйжада намыс да, согуш да аны табат»,- деди.

Израилдин Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Гилад Эрдан да «Израиль Хайом» гезитине берген маалыматында, АКШ башкаруучулугунун Израилге аскердик жардам жөнөтүүнү токтотуу чечиминин абдан капалантканын айтты.

Израилдин энергетика министри Эли Коэн да ушул эле гезитке берген билдирүүсүндө, курал-жарак жана ок-дары өндүрүүдө көз карандысыздык Израилдин коопсуздугу үчүн олуттуу мааниге ээ экенин белгиледи.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Ликуд партиясынын мүчөсү Тали Готтлиб болсо, эгер АКШ сезимтал ракеталарды бербесе, Газаны сезимтал болбогон ракеталар менен аткылайбыз деп коркутту.

АКШнын президенти Байден Израиль Рефахка масштабдуу кол салуу менен кирсе, ага курал жөнөтүүнү токтоторун жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар