ЕБ орусиялык активдерди Украина үчүн колдонот

Европа Биримдигине төрагалык кылган Бельгиянын расмий социалдык медиа эсебинде «Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери Орусиянын тоңдурулган активдеринен келип чыккан өзгөчө кирешелерге байланыштуу чаралар боюнча принципиалдуу макулдашышты» деп бөлүштү.

2137219
ЕБ орусиялык активдерди Украина үчүн колдонот

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешени Украинанын коргонуусун колдоо үчүн колдонууга макул болушту.

Европа Биримдигине төрагалык кылган Бельгиянын расмий социалдык медиа эсебинде «Евробиримдик өлкөлөрүнүн элчилери Орусиянын тоңдурулган активдеринен келип чыккан өзгөчө кирешелерге байланыштуу чаралар боюнча принципиалдуу макулдашышты» деп бөлүштү.

Постта орус активдеринен алынган акчалар Украинанын калыбына келишине жана аскердик коргонуусуна жардам берери айтылган.

Евробиримдик комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен да бул темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешелерди Украина үчүн колдонуу сунушубуз боюнча саясий келишимди кубаттайм»,-деп айтты.

Евробиримдиктин Комиссиясы бул темада даярдаган сунушта орус активдеринен түшкөн кирешелерди өзүнчө эсепке салуу жана аны Украина үчүн колдонуу камтылган.

Ошентип, ЕБ өлкөлөрү тоңдурулган орусиялык активдерди инвестицияга айландыруудан жыл сайын болжол менен 3 миллиард евро киреше таап, аны Украинага курал жана ок-дарыларды сатып алууда колдонуу планы боюнча макулдашууга жетишти.

Толук чоо-жайы азырынча айтыла элек пландын алкагында кирешенин 90 пайызынын Украинага курал-жарак сатып алууга, 10 пайызынын башка жардамдарга которулушу каралууда.

Евробиримдик өлкөлөрү 2022-жылы Украина менен башталган согуштан улам Орусиянын Борбордук банкынын болжол менен 200 миллиард евросун тоңдурду. Орус активдерин кармаган каржы институттары аларды жетилгенде кайра инвестициялоо аркылуу олуттуу киреше табышат.

Евробиримдик тарабынан тоңдурулган Орусиянын Борбордук банкынын 180 миллиард евролук резервдерин сактаган Бельгияда жайгашкан Euroclear баалуу кагаздардын клиринг жана сактоо кызматы өткөн жылы тоңдурулган орус активдеринин пайыздарынан 3 миллиард евродон ашык киреше тапкан.



Тектеш кабарлар