Газада каза болгондордун саны 34 миң 904кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 216 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 904кө жетти.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 216 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларында 4 кыргын жасалганы, кол салууларда дагы 60 палестиналыктын каза тапканы, 110 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 904кө, жаралуулардын саны 78 миң 514кө жеткени кабарланды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле жансыз денелердин бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы маалымдалды.
Бир тараптан Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык баш калкалоочуларга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газадагы палестиналыктардын «жаңы аргасыз көчкө» дуушар болгону айтылды.
Билдирүүдө: «Израиль күчтөрү аскердик операцияларын күчөткөн 6-майдан бери 80 миңге жакын адам баш калкалоочу жай издөө максатында Рефахтан чыгып кетүүгө аргасыз болду»,- деп кабарланды.
Тектеш кабарлар
Бразилиядагы селден каза болгондордун саны көбөйүүдө
Каза болгондордун саны 169, дайынсыз жоголгондордун саны 56 деп жаңыланганы белгиленди.