Эстония Росиянын гибриддик иштеринин күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизгенин билдирди

Финляндиянын Finnair авиакомпаниясы өткөн айда GPS сигналына таянбаган кошумча навигациялык системалар орнотулганга чеин  Эстониянын Тарту аэропортуна карата бардык каттамдарын токтотконун жарыялаган.

2137470
Эстония Росиянын гибриддик иштеринин күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизгенин билдирди

Эстония Балтика өлкөлөрүнүн аба мейкиндигинде GPS навигациясына кийлигишүүнүн "Россиянын гибриддик иштеринин күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизип жана союздаштардын коопсуздугун коркунучка салган бир бөлүгү" болгондугун билдирди. 

Эстониянын тышкы иштер министрлиги бул абалдан улам Россия Федерациясынын ишенимдүү өкүлүн чакырып нааразычылык билдирди. Эстония Россияны эл аралык эрежелерди бузуу менен айыптап, аба жолу фирмаларынын бир канча айдан бери GPS тоскоолдуктарынан улам көйгөйлөргө туш болгондугун билдирди. 

Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна билдирүүсүндө  "GPS сигналын бастыруу Россиянын гибриддик иш-аракеттеринин күнүмдүк турмушка таасирин тийгизип, союздаштардын коопсуздугуна коркунуч туудурган бир бөлүгү болуп саналат",- деди.

Финляндиянын Finnair авиакомпаниясы өткөн айда GPS сигналына таянбаган кошумча навигациялык системалар орнотулганга чеин  Эстониянын Тарту аэропортуна карата бардык каттамдарын токтотконун жарыялаган.

Financial Times гезитинин жазганына караганда, Россия  жоопкер болгон GPS кийлигишүүсү эл аралык аба транспортун жана Балтика деңизиндеги кемелердин навигациясына олуттуу таасирин тийгизип, акыркы айларда он миңдеген жарандык каттамдар жана саякаттар бул көйгөйдөн жабыркады. Эксперттердин айтымында, GPS интерференциясы салыштырмалуу арзан аппараттардын жардамы менен түзүлүшү мүмкүн.

GPS колдонуучуларынын укуктарын коргогон Resilient Navigation and Timing Foundation уюмунун директору Дана Ховард GPSке кийлигишүүлөрдөн улам кырсык коркунучунун кыйла көбөйгөнүн белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар