Армения ЖККУнун ишмердүүлүгүн каржылабайт

Орусиянын ТАСС агенттигине маселеге баа берген ЖККУ өкүлү Армениянын чечиминен кабардар экенин айтып, бирок өлкө дагы эле уюмга мүчө экенин кошумчалады.

2137466
Армения ЖККУнун ишмердүүлүгүн каржылабайт

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян Армения 2024-жылы Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) программаларын каржылабай турганын билдирди. Бадаляндын айтымында, Армения «2023-жылдын 23-ноябрындагы «ЖККУ 2024 бюджети» чечимин аткарбайт». Бул уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоодон баш тартуу дегенди билдирет.

Орусиянын ТАСС агенттигине маселеге баа берген ЖККУ өкүлү Армениянын чечиминен кабардар экенин айтып, бирок өлкө дагы эле уюмга мүчө экенин кошумчалады.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян британ басма сөзүнө жасаган билдирүүсүндө Армениянын ЖККУга мүчөлүгүнүн зарылдыгынан күмөн санаганын билдирди.

Пашинян ЖККУ өзгөчө 2021 жана 2022-жылдардагы Азербайжан чек арасындагы окуялар учурундагы курч кырдаалдарда эффективдүү боло албасын жана реакция механизмдерин иштете албасын айтты.

Никол Пашинян ЖККУ коопсуздук механизми катары анын мүчөлөрүнүн үмүтүн актай албасын баса белгилеп:«Биздин коом «эмне үчүн дагы эле ЖККУнун мүчөсүсүң?» деп сурайт. Ачыгын айтсам, менде бул суроого жооп жок»,-деди.

Москва менен Ереван ортосундагы мамиледе олку-солкулук күчөгөн сайын Пашинян орус чек арачылары өлкөнүн эң маанилүү аэропорту болгон Звартноц аэропортунан 1-августка чейин чыгып кетээрин жарыялады.



Тектеш кабарлар