Вануатуда 6,1 баллдык жер титирөө болду

Жер титирөө 12,5 чакырым тереңдикте катталды.

2136966
Вануатуда 6,1 баллдык жер титирөө болду

Тынч океандагы арал өлкөлөрүнүн бири Вануатуда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Американын геологиялык изилдөө кызматы (USGS) жер титирөөнүн очогунун, Луганвилл аймагынан 99 чакырым түндүк-чыгышта болгонун билдирди.

Жер титирөө 12,5 чакырым тереңдикте катталды.

Эч кимге зыян алып келбеген жер титирөөдөн кийин цунами боюнча да эскертүү берилген жок.



Тектеш кабарлар