Мадуро Путинди куттуктады
Мадуро социалдык медиа баракчасынан куттуктоо бөлүштү.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро Орусиянын президенти Владимир Путинди кызматка расмий киришүүсү менен куттуктады.
Мадуро социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн куттуктоосунда: «Венесуэла элинин атынан 5-жолу Орусия Федерациясынын президенти болуп шайланган Путинди куттуктаймын. Биримдик жана тынчтык жолунда чечкиндүү кадам таштаган орус элине урмат-сыйымды билдиремин»,-деди.
Бир тараптан журналисттерге берген билдирүүсүндө Мадуро Путинге карата мактоо сөздөрүн айтып: «Ал дүйнөдөгү эң улуу лидерлердин бири. Путин Орусия Федерациясын дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул жерден Путин мырзага кайрылам: Венесуэла эли сизди жакшы көрөт, колдойт жана урматтайт. Биз мындан ары да көп уюлдуу дүйнөнү куруу үчүн биргелешип аракеттенебиз»,-деди.
Владимир Путин кечээ борбор калаа Москвада Орусиянын президенттик сарайы Кремлде өткөрүлгөн салтанатта ант берип, расмий түрдө бешинчи жолу Орусия Федерациясынын президенти кызматына киришкен.