Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 844кө, жаралуулардын санынын да 78 миң 404кө жеткени кабарланды.

2137047
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль армиясынын Газа тилкесине 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 844кө жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 215 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларында 7 кыргын жасалганы, кол салууларда дагы 55 палестиналыктын каза болгондугу, 200 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 844кө, жаралуулардын санынын да 78 миң 404кө жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар