Галлант: «Рефахка кол салуулар уланат»

Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Йоав Галлант аймактагы кол салууларды колдоо иретинде Рафахты бомбалаган Газа чек арасына жайгаштырылган гаубицаларды кыдырып чыкты.

2136681
Галлант: «Рефахка кол салуулар уланат»

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефахка кол салуулардын улана турганын айтты.

Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Йоав Галлант аймактагы кол салууларды колдоо иретинде Рафахты бомбалаган Газа чек арасына жайгаштырылган гаубицаларды кыдырып чыкты.

Бул жердеги аскерлерге кайрылган Галлант, Израиль армиясына мурунку күнү Рефага кирүүгө буйрук бергенин билдирди.

Галлант Рефах чек ара капкасынын басып алынышына да буйрук бергендигин белгилеп: «Бул операция Хамас Рефах аймагында жана Газа тилкесинде бүтүндөй жок кылынмайынча же биринчи барымта кайтарылганга чейин уланат»,-деп айтты.

Израилдик туткундардын боштондукка чыгышы үчүн «ийкемдикке барууга даярбыз» деген Йоав Галлант эгер туткун алмашуу болбосо Газага кол салууларды «тереңдете тургандарын» айтты.

Хамас кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийе Катар менен Египеттин Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине байланыштуу сунуштарын жактырганын билдирген.

Хамастын бул билдирүүсүнө карабастан Израилдин Согуш кабинети Рефахтагы чабуулдарды улантуу чечимин чыгарды.



Тектеш кабарлар