Владимир Путин ант берди

Россияда Владимир Путин ант берип, расмий түрдө бешинчи ирет президенттик милдетин аткарууга киришти.

2136622
Владимир Путин ант берди

Россияда Владимир Путин ант берип, расмий түрдө бешинчи ирет президенттик милдетин аткарууга киришти.

Борбор шаар  Москвада Кремлде өткөн ант берүү аземине Федерация Парламенти, Дума жана Конституциялык соттун мүчөлөрү, басма сөз кызматкерлери менен жарандар да болгон 2600гө жакын конок катышты.

Орус телеканалдары түз эфирде көрсөткөн аземде Путин Россиянын Конституция китепчесине кол коюп ант берди.

Путин аземде сүйлөгөн сөзүндө өзүн кайра шайлаган жарандарга ыраазычылык билдирип, орус элинин кызыкчылыгы жана коопсуздугунун баарынан маанилүү экенин баса белгиледи.

Көптөгөн өлкө менен жакшы карым - катнаш түзүүнү ниет кылгандарын белгилеген Путин : «Россияны ишенимдүү жана чынчыл өнөктөш катары көргөн бардык өлкөлөр менен жакшы карым -  катнаштарды чыңдоого ачык болдук жана ачык болобуз», - деди.

Көп уюлдуу дүйнө тартиби менен тең жана бөлүнгүс коопсуздук системасын түзүү үчүн аракеттерин уланта тургандарын белгилеген Путин, өлкөсүнүн коомдук жана саясий системасынын ар кандай кыйынчылык жана коркунучтарга каршы күчтүү болушу керектигин баса белгиледи.

Путиндин ант берүү аземине Түркиянын атынан Москвадагы элчиси Танжу Билгич катышты.

Россияда март айында өткөрүлгөн президенттик шайлоодо 77,49 пайыз катышуу менен добуштардын 87,28 пайызын алган Путин 6 жыл дагы кызматында калат.



Тектеш кабарлар