Кассам бригадалары израилдик аскерлерди бутага алышты

Кассам бригадалары жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2136456
Кассам бригадалары израилдик аскерлерди бутага алышты

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары, Газа тилкесинин түштүгүндө Египет чек арасындагы "Рефах" чек ара бекетинин чыгышына кирген Израиль армиясынын күчтөрүн миномет менен бутага алды.

Израиль армиясы Рефах шаарына кургактыктан кол салуусун баштап Газанын Египетке ачылган чек ара бекетинин Палестина тарабын басып алганын жарыялагандан кийин Кассам бригадалары жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Кассам бригадалары, "Рефах" чек ара бекетинин чыгыш тарабына кирген душман (Израиль) күчтөрүнө оор калибрлүү минометтор менен кол салууда»,-деп айтылды.

Израиль армиясы бүгүн эртең менен Рефах шаарына кургактыктан кол салуусун баштап, Газанын Египетке ачылган чек ара бекетинин Палестина тарабын басып алганын жарыялаган.

Хамас кечээ кечинде Катар менен Египеттин «ок атпоо сунуштарын» кабыл алганын жарыялагандан кийин Израилдин Согуш кабинети, Рефахтагы кол салууларды улантуу чечимин чыгарган.  

Газанын "Рефах" чек ара бекети, гуманитардык жардамдардын кирүүсүндө негизги өтмөк жана Газа тилкесиндеги палестиналыктардын чет өлкөгө саякаттоо үчүн колдонгон жалгыз өтүү жери болуп саналат.

Израилдин Газага 7-октябрдан бери уланткан кол салууларында 34 миң 789 палестиналык каза болуп, 78 миңден ашууну жараланды.

Урандылардын астында дагы деле миңдеген жансыз дененин бар экени билдирилсе, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар