ЮНИСЕФ: "Рафахтагы балдар үчүн ок атышпоо келишимине муктаждыгыбыз бар"

Жеймс Элдер жана Равина Шамдасан, БУУнун Женева кеңсесинин апталык маалымат жыйынында Израиль армиясынын Рафахка кургактыктан кол салуусу тууралуу билдирүү жасашты.

2136603
ЮНИСЕФ: "Рафахтагы балдар үчүн ок атышпоо келишимине муктаждыгыбыз бар"

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) басма сөз катчысы Жеймс Элдер, Газанын Рафах шаарында Израилдин кол салууларына дуушар болгон балдардын өлтүрүлбөшү керектигин баса белгилеп: «Рафахтагы балдар үчүн ок атышпоого муктаждыгыбыз бар»,- деди.

Жеймс Элдер жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңсесинин катчысы Равина Шамдасан, БУУнун Женева кеңсесинин апталык маалымат жыйынында Израиль армиясынын Рафахка кургактыктан кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасашты.

Жеймс Рафахтын "балдардын шаары" экенин жана Газадагы балдардын жарымынан көбүнүн бул жерде жашаганын айтты.

Рафахтын жашоо стандарттарынын абдан начар экенине көңүл бурган Элдер: «Рафахта ар бир 850 кишиге бир даараткана туура келет. Эгер Рафах чек ара бекети көпкө чейин жабык калса, Газадагы ачарчылыктын кантип алдын ала аларын көрүү кыйын»,-деди.

Дем алыш күндөрү да Газада балдардын өлтүрүлүшүнүн уланганын жана Израилдин Рафахтагы жарандардын эвакуацияланышын талап кылганын эске салып: «Бул чыр-чатактын тарапташтарынын, балдардын жана жарандардын өмүрүнө, коргоосуна кантип толугу менен көңүл бурбай жатканын дагы бир жолу ачыкка чыгарды»,-деп айтты.

Газага чоң көлөмдөгү жардамдын жөнөтүлүшү керектигин баса белгилеген Жеймс Элдер: «Рафах басып алынбашы керек жана балдар мындан ары өлтүрүлбөшү керек. Рафахтагы балдар үчүн азыр ок атышпоого муктажбыз»- деди.

Шамдасан болсо Рафахтагы адамдардын мажбурлап көчүрүлүшүнүн эл аралык мыйзамдарды бузуу менен ишке ашырылып жатканына "күчтүү көрсөткүчтөр" бар экенин айтты.

Рафахтын Израилдин Газанын башка аймактарындагы ырайымсыз кол салууларынан улам көчүүгө мажбур болгон 1 миллиондон ашуун палестиналыктын «акыркы баш калкалоочу жайы» экенине көңүл бурган Шамдасан, ал жердеги элдин мужбурлап жеринен ажыратылганына басым жасады.



Тектеш кабарлар