Газада каза болгондордун саны 34 миң 789га жетти
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө 214 күндөн бери Израилдин Газа тилкесине жасап жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 789га жетти.
Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө 214 күндөн бери Израилдин Газа тилкесине жасап жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларында 6 кыргын жасаганы, кол салууларда 54 палестиналыктын да каза болгондугу, 96 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 789га, жаралуулардын саны 78 миң 204кө жеткендиги маалымдалды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде каза болгондордун бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албагандыгы баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Бразилиядагы селден каза болгондордун саны көбөйүүдө
Каза болгондордун саны 169, дайынсыз жоголгондордун саны 56 деп жаңыланганы белгиленди.