Чехияда орус элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Чех мекемелерин бутага алган «кибер чабуулдарга» байланыштуу Орусиянын Прагадагы элчиси Змежевскийдин Министрликке чакыртылганы билдирилди.

2136637
Чехияда орус элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Орусиянын Прагадагы элчиси Александр Змежевский, Чехиянын мекемелерине жана маанилүү инфраструктурасына "кибер чабуул жасалды" деген жүйө менен Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский, Орусия көзөмөлдөгөн APT28 тобунун өткөн жылдан бери Microsoftтун Outlook тиркемесинде мурда белгисиз болгон коопсуздук кемчилигинен пайдаланып чех мекемелерин бутага алган «кибер чабуулдарды» жасаганы себептүү Орусиянын Прагадагы элчиси Змежевскийдин Министрликке чакыртылганын билдирди.

Липавский кол салуулардын өлкөнүн коопсуздугуна жана ырааттуулугуна олуттуу коркунуч келтирүүнү максат кылганын айтты.

Өлкө басма сөзүндө орун алган кабарларда, APT28 тобу менен байланышы бар кол салуулардын Германияга да жасалганы белгиленди.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бул өлкөдөгү элчисин өткөн аптада чакыртканы кабарланган.



Тектеш кабарлар