Орусия өзөктүк куралды колдонуу боюнча машыгууларды өткөрөт

Министрликтин билдирүүсүндө, президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды даярдоо жана колдонуу боюнча машыгуу өткөрүлөрү айтылган.

2136000
Орусия өзөктүк куралды колдонуу боюнча машыгууларды өткөрөт

Орусиянын Коргоо министрлиги армиянын өзөктүк курал колдонуу боюнча машыгууларды өткөрө турганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды даярдоо жана колдонуу боюнча машыгуу өткөрүлөрү айтылган.

Билдирүүдө «машыгуу кээ бир батыш расмийлеринин коркутуу жана чагымчыл билдирүүлөрүнө жооп катары, Орусиянын өзөктүк күчтөрүнүн даярдыгын жогорулатуу жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо максатында өткөрүлөт»,- деп белгиленген. 

Билдирүүдө машыгууга Түштүк Аскердик аймагынын ракеталык, аба жана деңиз күчтөрүнүн бөлүктөрү катыша турганы билдирилди, бирок датасы айтылган жок.



Тектеш кабарлар