Кениядагы сел: 228 адам каза болду
Аймактарда издөө-куткаруу иштери уланууда.
2135876
Кенияда болжол менен 3 жумадан бери уланып жаткан нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селдерден каза болгондордун саны 228ге жетти.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Исаак Мваура: "Акыркы 24 саатта дагы 9 адам, анын ичинде 7 чоң киши жана 2 жаш бала каза болду, өлкө боюнча селдерден каза болгондордун саны 228ге жетти",- деди.
Мваура ошондой эле 164 кишинин жаракат алганын, 72 кишинин дайынсыз жоголгондугун, 212 миң 630 кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун айтты.
Селден жабыркаган аймактарда издөө-куткаруу иштери уланууда.