Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 213 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2136113
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 735ке жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 213 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларында 5 кыргын болгону, кол салууларда дагы 52 палестиналыктын каза болгондугу, 90 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине  кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 735ке, жаралуулардын саны 78 миң 108ге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар