ИКУнун 15-саммитинин декларациясы жарыяланды

Гамбиянын борбору Банжул шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 15-саммитинен кийин ИКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары макулдашкан декларация жарыяланды.

2135784
ИКУнун 15-саммитинин декларациясы жарыяланды

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) эл аралык коомчулукту Израилди эл аралык мыйзамдарга жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларына баш ийүүгө мажбурлоого жана Чыгыш Кудс менен катар Палестина жериндеги мыйзамсыз басып алуу, колониялык жана апартеиддик практиканы токтотууга мажбурлоого чакырды.

Гамбиянын борбору Банжул шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 15-саммитинен кийин ИКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары макулдашкан декларация жарыяланды.

Газадагы Палестина элине багытталган бүткүл чабуулду токтотуу, ок атышууну токтоосуз жана эч кандай шартсыз токтотуу чакырыгы кайталанган декларацияда, Газа тилкесине чукул жардам жеткирүү, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо үчүн гуманитардык жардам коридорлорун ачуу талабы айтылды.

Декларацияда геноцид жана этникалык тазалоо кылмыштарын улантуу коркунучу, анын ичинде суудан ажыратуу жана күйүүчү майдын кирүүсүнө бөгөт коюу,  Палестина элин өз жеринен күч менен көчүрүү, сүрүп чыгаруу же которуу аракеттери кескин түрдө четке кагылды.

Палестина элинин өз укуктарын алуу жана борбор шаары Кудс болгон эгемендүү мамлекетти куруу үчүн мыйзамдуу күрөшүн бекем колдоо дагы бир жолу баса белгиленген декларацияда: «Эл аралык коомчулукту оккупациялык күчтү (Израиль) эл аралык мыйзамдарга жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларына баш ийүүгө мажбурлоого жана Чыгыш Кудс менен катар Палестина жериндеги мыйзамсыз басып алуу, колониялык жана апартеиддик практиканы токтотууга мажбурлоого чакырабыз»,делди.

Билдирүүдө, антпесе кагылышуунун созула турганы, аймакта дагы оору жана туруксуздук болоору, эки мамлекеттүү чечим шансы азайары баса белгиленди.

Декларацияда ошондой эле талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү үчүн диалог жана ортомчулукка кайрылуунун маанилүүлүгү баса белгиленип, муну менен «Ислам үммөтүнүн арасында чыңалуудан алыс таза чөйрө» түзүлүшү мүмкүн экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар