Нигерияда кызамыктан 42 бала каза болду

Адамава провинциясынын саламаттыкты сактоо боюнча комиссары Феликс Тангвами өз билдирүүсүндө эпидемия провинциянын Муби жана Гомби аймактарында жайылышын улантып жатканын билдирди.

2135568
Нигерияда кызамыктан 42 бала каза болду

Нигериянын Адамава провинциясында кызамык эпидемиясынан каза болгон балдардын саны 42ге жетти.

Адамава провинциясынын саламаттыкты сактоо боюнча комиссары Феликс Тангвами өз билдирүүсүндө эпидемия провинциянын Муби жана Гомби аймактарында жайылышын улантып жатканын билдирди.

Ушул убакка чейин кызамыктан 308 баланын жабыркаганын белгилеген Тангвами эпидемиядан улам каза болгон балдардын санынын 42ге жеткенин белгиледи.

Тангвами оорунун башка аймактарга жайылышынын алдын алуу үчүн кызыл эскертүү берилгенин айтты.

Медицина кызматкерлеринин Муби жана Гомби провинцияларына жөнөтүлгөнүн белгилеген Тангвами эпидемияга каршы чаралардын көрүлгөнүн белгиледи.

Кызамык дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо, жөтөл, мурундун агышы жана көздүн кызарышы менен башталат, андан кийин исиркектер чыгат; бул кулак инфекциясына, диареяга, пневмонияга жана мээге зыян келтирип, өлүмгө алып келиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар