Судан эң чоң ачарчылык кризиси болгон өлкө болуу жолунда

Бириккен Улуттар Уюмунун  Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Судан өкүлү Лени Кинзли БУУнун күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттерге маалымат берди.

2135396
Судан эң чоң ачарчылык кризиси болгон өлкө болуу жолунда

Бириккен Улуттар Уюмунун  Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Судан өкүлү Лени Кинзли БУУнун күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттерге маалымат берди.

Кинзли Аль-Фашарда кагылышуунун күчөшү жардамдардын бөлүштүрүлүшүнө тоскоол болуп жатканын жана бул аймактагы элдин ачарчылыктын коркунучтуу деңгээлине туш болуп жатканын билдирди.

Ачкачылыкты алдын алуу үчүн убакыттын азайып баратканын эскерткен Кинзли, буга кабарастан азык-түлүк жардамын жеткирүүдө  кагылышуулар,  жана бюрократиялык алаксытуулардын тоскоол  болуп жатканын белгиледи.

Кинзли жамгыр мезгили баштала электе 700 миң кишиге жетүүгө аракет кылгандарын жана жолдордун колдонууга жарамдуу экенин, Чадда 8 миң тонна азык-түлүк запасынын бар экендигин,  бирок чектөөлөрдөн улам тарата албагандарын белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын тез арада тоскоолдуксуз жетүү жана коопсуздук кепилдигин талап кылганын баса белгилеген Кинзли, Аль-Фашердеги күчөгөн кагылышуу учурда ачарчылыктан жапа чеккен 1,7 миллион кишиге терең таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын тез арада тоскоолдуксуз жетүү жана коопсуздук кепилдигин талап кылганын баса белгилеген Кинзли, Аль - Фашердеги күчөгөн кагылышуунун учурда ачарчылыктан жапа чеккен 1,7 миллион кишиге чоң таасир тийгизип жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар