SpaceX космоско 23 Starlink жана 2 жерди байкоочу спутнигин жиберди

Американын космос кемеси жана ракета өндүрүүчүсү SpaceX, Starlink Интернет тармагы долбоорунун алкагында космоско 23 Starlink жана 2 жерди байкоо спутнигин жиберди.

2135376

«Space.com» веб-сайтынын кабарына караганда SpaceX кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.37де АКШнын Авиация жана космостук агенттигинин (НАСА) Флоридадагы  Канаверал космодромунан Starlink спутниктерин ташыган Falcon 9 ракетасын төмөнкү  орбитага учурду.

Falcon 9 ракетасынын биринчи этабы учуруудан кийин Атлантика океанындагы "А Shortfall of Gravitas" платформасына конду.

SpaceX Starlink долбоорунун алкагында дүйнө жүзү боюнча интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну көздөйт. Компаниянын долбоордун алкагында төмөнкү орбитада 5800дөн ашык активдүү спутниги бар.

Бир тараптан АКШнын спутниктен сүрөт тартуу фирмасы Maxar Technology үчүн Калифорниядагы Ванденберг космостук күчтөрү базасынан  жерди байкоо боюнча  эки спутниги Falcon 9 ракетасы менен космоско учурулду.

SpaceX 2024 - жылы 43 орбиталык миссиясын ишке киргизди, анын 29у Starlink долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Тектеш кабарлар