Сомалиде селден улам 8 миң киши үйлөрүн таштап кетүүдө
Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) билдирүүсүндө, Сомалидеги жамгырдын күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизгени белгиленди.
Сомалиде акыркы күндөрдө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден кеминде 8 миң киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин (OCHA) билдирүүсүндө, Сомалидеги жамгырдын күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизгени белгиленди.
Акыркы күндөрдөгү катуу жамгыр жаашы жол ачкан селдерден улам кеминде 8 миң кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгондугу билдирилген маалыматта жамгыр жаашынын Хиран аймагында таасирдүү болгону, Шабел дарыясында суу ташкыны коркунучунун бар экендиги билдирилди.
Өлкөдө акыркы күндөрү болгон селден 7 адам каза болду.
Сомалинин Табигый кырсыктарды башкаруу агенттигинин маалыматына караганда, өткөн жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин өлкө боюнча 2,4 миллион адам суу ташкынынан жабыркап, 110 киши каза болгон.
Сомалиден тышкары Кения, Танзания, Бурунди жана Конго Демократиялык Республикасы сыяктуу өлкөлөр да нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел терс таасирин тийгизүүдө.
Тектеш кабарлар
Россия Харьковду атты
Орус күчтөрүнүн Украинанын Харьков шаарына кол салуусунда 3 киши каза болуп, 28 киши жараланды.