Сауд Арабия "мыйзамсыз" ажылык менен күрөшүүдө

Мекке шаарына барган жолдорго курула турган көзөмөлдөө пункттарында уруксат документи жок кишилердин шаарга киришине уруксат берилбейт.

2135295
Сауд Арабия  "мыйзамсыз" ажылык менен күрөшүүдө

Сауд Арабия  ажылык уруксаты болбостон визасыз Меккеге баргандар менен күрөшүү үчүн жаңы көрсөтмөнү ишке киргизгендигин жарыялады.

Сауд Арабиянын ички иштер министрлигине караштуу Коопсуздук директорлугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта "мыйзамсыз" ажылык менен күрөшүүдө ажылык ибадатын  жөнгө салган жаңы көрсөтмөлөрдүн бүгүн ишке ашырыла баштай тургандыгы белгиленди.

Бул көрсөтмө Сауд Арабияда жашаган чет элдиктер менен чектелүү болорун жана Меккеге кирүүнү каалагандардын мурунтадан тийиштүү мекемелерден жазуу түрүндө уруксат алуу шарты киргизилет. 

Мекке шаарына барган жолдорго курула турган көзөмөлдөө пункттарында уруксат документи жок кишилердин шаарга киришине уруксат берилбейт. 

 



Тектеш кабарлар