Рафах жана Газадагы балдардын абалы тууралуу маалымат берди

ЮНИСЕФтин басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк пресс-конференцияда БУУнун аймактагы жооптууларынан алган маалыматтарды билдирди.

2135370
Рафах жана Газадагы балдардын абалы тууралуу маалымат берди

БУУнун Балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына карата кургактыктан кол салуусунун чоң апаатка жол ачары боюнча эскертип, бул жердеги 600 миң бала же бейтап жана жаралуулардын бар экендигин жарыялады.

ЮНИСЕФтин басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк пресс-конференцияда БУУнун аймактагы жооптууларынан алган маалыматтарды билдирди.

Хак учурда Рафахтагы 12 ооруканадан 3нүн жарым-жартылай иштеп жатканын, кол салуу боло турган болсо алардын кыска убакыттын ичинде иштебей кала турганын белгилеп : «Рафахка жасалган кол салуунун массалык адам өлтүрүүгө алып келе турганы боюнча эскертүүлөр жасалууда",-  деди.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам  агенттиги UNRWA да Израиль 7 айдан бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде күн сайын 37 баланын энесинен ажыраганын жарыялады.

UNRWAнын Х социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта : «газадагы согуш аялдарга карата согуш болууну улантууда»,- деп айтылды.

Билдирүүдө 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Израиль армиясынын кол салуусуна дуушар болгон Газада 10 миң аял каза болгондугу жана 19 миң аялдын жараланганы белгиленип : «Күн сайын 37 бала энесин жоготууда»,- деп айтылды.  

 



Тектеш кабарлар