АКШ Түркиянын Израилге каршы "геноцид" доосуна кошулушу тууралу бирдей пикирде эмес

АКШ Түркиянын Эл аралык сотто Израилге каршы ачылган «геноцид» доосуна кошулуусу тууралуу бирдей пикирде эмес экендерин бирок бул абалдын эки тараптуу карым- катнаштарга таасирин тийгизбей тургандыгын билдирди.

2135368

Ак үйдүн Улуттук Коопсуздук байланыш кеңешчиси Жон Кирби телеконференция аркылуу өткөргөн пресс-брифингинде Эл аралык соттун Израилге каршы геноцид иши боюнча күн тартибине баа берди.

Кирби АКШнын Эл аралык сотто уланып жаткан Израиль доосу боюнча позициясынын ачык экенин жана Анкаранын чечими тууралуу ойдун  Түркияга таандык экенин белгиледи.

«Бул темага түрдүү тараптан карашыбыз мүмкүн. Бул белгилүү бирок бул абал НАТО создашыбыз болгон Түркия менен карым- катнаштарыбызга таасирин тийгизбейт»,- деген Кирби айрым учурларда союздаштар мененайрым темаларда ар башка ойлоонун нормалдуу экендигин белгиледи.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан1 -майда Түркиянын Израилге каршы Эл аралык сотто ачылган геноцид доосуна кошулуу чечимин билдирген.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 14 миң 685 бала жана 9 миң 670 аял болгон 34 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 77 миңден ашуун киши жараланды.

Урандылардын астында азыр да миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

Тектеш кабарлар