Россия 547 чарчы километрдик аянтты көзөмөлгө алды

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу  борбор шаар Москвада орус армиясынын  иштерине байланыштуу маалымат берди.

2135275
Россия  547  чарчы километрдик аянтты көзөмөлгө алды

Орус армиясы жылдын  башынан бери Украинанын 547 чарчы километр жерин көзөмөлгө алды.

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу  борбор шаар Москвада орус армиясынын  иштерине байланыштуу маалымат берди. 

Орус армиясынын Украинадагы кагылышууларды улантканын белгилеген Шойгу : «Орус аскерлери, кагылышуу сызыгында душмандын коргонуу чекит системасын бузууну улантууда»,-деди.

Донецк аймагындагы Новобахмутовка, Семеновка жана Бердичи отурукташуу жерлеринин орус армиясы тарабынан колго алынганына көңүл бурган Шойгу : «Жылдын башынан бери жаңы аймактарда 547 чарчы километр аянтты көзөмөлгө алдык",- деди.

Шойгу Украин армиясынын жоготуулары тууралуу :  "АКШ жана  союздаштары Украинадан коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн жок болушуна жол бербөөнү жана орус бөлүктөрүнүн токтотулушун  талап кылууда. Натыйжада апрель айында  душмандын күнүмдүк жоготуулары күчөп  миң аскерге жакындады Быйыл Украина 111 миңден ашык аскерин жоготту, 21 миңден ашык курал-жарак жана аскердик техникасын жоготту",- деди.



Тектеш кабарлар