АКШда университет кампустарында 2 жумада 2000 киши камакка алынды

АКШнын эң престиждүү жогорку билим берүү мекемелери да болгон ондогон университет кампусунда  18 -  апрелден бери Израилдин Газадагы жарандарга карата кол салууларына нааразычылык билдирилүүдө.

2135089
АКШда университет кампустарында 2 жумада  2000 киши камакка алынды
abd ogrenci filistin gozaltisi.jpg
abd ogrenci filistin gozaltisi.jpg
abd ogrenci filistin gozaltisi.jpg

АКШда университет кампустарында  Палестинаны колдоо үчүн өткөрүлгөн митингдерде  2 жумада  кеминде  2000 киши камакка алынды.

АКШнын эң престиждүү жогорку билим берүү мекемелери да болгон ондогон университет кампусунда  18 -  апрелден бери Израилдин Газадагы жарандарга карата кол салууларына нааразычылык билдирилүүдө.

Бул митингдерде араларында көптөгөн мугалим жана профессорлор да болгон кеминде  2000 киши камакка алынды.

Өлкөнүн төрт тарабындагы университетет кампустарында курулган Газа тууралуу тилектештик лагерлери университет башкарууларынын кысымы жана полициянын катуу кийлигишүүсү менен таркатылып, Калифорния штатындагы университет кампустары акыркы  24 саатта эң көп кыймыл болгон жерлердин бири болду.

Лос - Анжелес  Калифорния университетинде атайын полиция бөлүктөрүнүн студенттерге кийлигишүүсүндө «башаламан» көрүнүштөр ортого чыкты.

Штаттын полициясы Лос - Анжелес Калифорния университетиндеги полиция рейдинде кеминде  200 кишинин камакка алынгандыгы жана бул кишилердин Лос Анжелесте абакта кармалгандыгы маалымдалды.

Нью - Гэмпшир, Түндүк Аризона жана Тулейн университеттеринде да нааразычылык лагерлери таркатылып, студенттер камакка алынды.

Газа менен тилектештик лагерлеринин жол башчысы болгон Нью-Йоркто Колумбия университетинен кийин Сити Колледж, Стони Брук, Буффало жана Фордхам университеттериндеги митингдерге  полициянын катаал кийлигишүүсү менен активисттер таркатылды.

 



Тектеш кабарлар